AVN







КЫТАЙ ТИЛИ АДИСТИГИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

КЫТАЙ ТИЛИ АДИСТИГИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 Mar 3, 2021  569

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн "Чет тилдери жана орус тили  "ПЦКсынын " КТк-2-18" тайпасынын куратору Назгул Жолдошованын демилгеси менен ата-энелер жыйыны онлайн аркылууболуп өттү.

         Жыйында дистанттык билим берүү шарттарында окуу процессинин уюштурулушу, жүрүшү боюнча маалымат берилди. Ошондой эле ата – энелер тарабынан студенттердин билим алуусу үчүн түзгөн шарттары, модулдун, экзамендердин жүрүшү боюнча маселелер айтылды.

Ата-энелер учурдагы кырдаалды эске алып, аралыктан окутууда балдарына дайыма колдоо көрсөтүү менен бирге, окууларына шарт түзүп бере тургандыгын айтышты. Өлкөбүздөгү абалды түшүнүү менен кабыл алып, талыкпай эмгектенип, студенттерди окутуп, билим берип жаткан окутуучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Чогулушта студенттердин катышу жетишүүсү боюнча маалымат берилди.  Ата-энелер жыйынтык баалар, АВН порталы, КЕЛБИЛ тиркемелери боюнча суроолорду берип, жоопторду алышты. Алыскы райондордо жашаган студенттердин ата-энелери менен да кеңири пикир алмашылды, жаратылган татаалдыктарга карабастан Zoom, Jitsi meet платформаларында сабактарын өтүүдө шарттарды түзүп бергенге аракет кылдык”-деп өз ой пикирлерин айтып өтүштү.

  • КЫТАЙ ТИЛИ АДИСТИГИНДЕ АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ