AVN







ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ ПРОФИЛАКТИКАСЫ

ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ ПРОФИЛАКТИКАСЫ
 Mar 3, 2021  621

Областтык, шаардык башкармалык жана областтык казыят өкүлдөрү биргеликте уюштурган "Экстремизм жана терроризм профилактикасы" аталышындагы областык деңгээлдеги иш-чарага Б.Осмоноватындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин социалдык иштер жана мамлекеттик тил проректору А.Д. Доранова, техника илимдеринин доктору, профессор А.А.Аширалиев жана профессор Ш.М Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө тех.и.д., профессор М.А.Аширалиев экстремизм жана терроризм түшүнүктөрүнүн мани мазмунун, келип чыгуу себептерине жана кесепеттерине токтолуп, ислам баалуулуктарынын диндик жана илимий маани-маңызынили мийөңүттө коомчулукка жеткирди. Ошондой эле динди бекем кармангандарды светик билимди, илимдин жетишкендиктерин терең өздөштүрүүгө чакырып, коомдо кездешип жаткан кайчы пикирлер түркөйлүктөн, билимдин тайкылыгынан келип чыгып жаткандыгын  баса белгилөө менен, келечек жаштарын биргеликте, ынтымакта тарбиялоого чакырды.

Ал эми А.Д.Доранова коомдо кездешип жаткан көйгөйлүү маселелерге ааламдашуу жараяны да таасир этип жаткандыгын, ошондуктан, келечек муундар үчүн терең билимдин зарылдыгын, ал эми диндик билимди тереңдетүү үчүн ислам баалуулуктарынын илимий анализинин зарылдыгын белгилеп, келечекте областык, шаардык деңгээлдеги иш-чаралардын өтүүсүнө Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети жакындан жардам бере тургандыгына токтолуп,  бүгүнкү иш-чарага атайын илимий баяндама даярдалгандыгын, мындай илимий көз караштар коомчулукту адаштырбай алдыга сүйрөйт деген омоктуу оюн ортого салды.

 Бүгүнкү иш-чара кызуу талкуу менен коштолуп, келечектеги алгылыктуу аракеттерди колго алуу багытындагы бир катар сунуштар иш-чарага катышкандар тарабынан айтылды.

  • ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ ПРОФИЛАКТИКАСЫ
  • ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ ПРОФИЛАКТИКАСЫ
  • ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ ПРОФИЛАКТИКАСЫ
  • ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ ПРОФИЛАКТИКАСЫ
  • ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ ПРОФИЛАКТИКАСЫ
  • ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ ПРОФИЛАКТИКАСЫ
  • ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ ПРОФИЛАКТИКАСЫ