AVN







КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН КЫРМЫЗЫ КЫЗЫЛ ТУУСУНУН КҮНҮ

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН КЫРМЫЗЫ КЫЗЫЛ ТУУСУНУН КҮНҮ
 Mar 3, 2021  545

Бул 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон тарыхый учурда болгон. Эгемен мамлекеттин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белгилер: мамлекеттик Туу, Герб жана Гимн.

Алгач Туу жөнүндө түшүнүк берсек байыркы замандардан, айрыкча орто кылымдардан  бери кыргыздар кызыл түстөгү тууну, байракты колдонуп келишкен.

Туунун 4 элементине мани берели. Баарыбыз эле: “туу”, “асаба”, “желек”, “байрак” –деген терминдерди көп учурда маанилеш синоним катары колдонуп келебиз. Айрым окумуштуулардын пикири боюнча: асаба - кездеме, ал эми туу – таягы-деген. Ошентип, жогорку айтылган пикирлерди жыйынтыктап келип, “туу” термини анын төрт элементин: асабаны, тууну, түпөктү жана асабанын металл учун –желек- деп да берилет. Ал эми “туу”, “байрак” жана “желек” терминдерине токтолсок. Байрак” – кичирээк туу, кээде түпөктү да түшүндүрөт. Ал эми “желек” – туунун кичинекей үлгүсү, кээде асабанын металл капталган учун да түшүндүрөт. Буга “Манас” эпосунда: “Желеги туудан бөлүнбөй, жердин жүзү көрүнбөй. Жер союлуп былкылдап,  желеги алтын туу болду”,  же “Алтын айчык кызыл туу, асмандата көтөрүп, Аягын жерге сайбасам”- деген сөздөр муну таасын түшүндүрүп турат-дейт тарыхчы – Гүлнора Анарбаева.

“Манас” эпосунда: Ак асаба кызылтуу, Айгайлаганызы-чуу, Көкасабакызылтуу, Көкжаңырганулуучуу”-деген саптар, Кыргыз элинде Мамлекеттин символу байыртадан бар экенин далилдейт. Бүгүнкүгө келсек, баарыбыз түбүндө бириккен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу кызыл түстө. Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдик, тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк – үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкө калкынын биримдигинин  символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон.  Авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров,  Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков. 1992-жылы 3- марта Кыргыз Республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген.

  • КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН КЫРМЫЗЫ КЫЗЫЛ ТУУСУНУН КҮНҮ