AVN

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин имараттарынын санитардык абалы текшерилди

Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин имараттарынын санитардык абалы текшерилди
 Mar 2, 2021  643

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин айрым адистигинде билим алып жаткан студенттердин окуулары гибриддик форматта өтүлө баштады. Медицина факультетинин жана Медицина колледжинин студенттери офлайн окугандыгына байланыштуу студенттердин жана окутуучулардын ден соолугуна кам көрүү максатында аталган имараттардын санитардык абалы текшерилди.

КРнын ББИМдин 2020-2021-окуу жылынын жазгы семестринде окуу процессин аралаш окутуу форматында уюштуруунун

алгоритмин  бекитүүжөнүндөгү буйругуна ылайык жана Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 11.02.2021-жылдагы чыгарылган №01-17-46 катынын негизинде сабактар реалдуу режимде өтүлөт.

Жогорудагы каттардын негизинде   окуу жайдын медициналык пунктунун дарыгери  Ибраимова  Нурсулуу тарабынан имараттарга рейд жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жайынтыгында, сабак башталгандан тарта:

  • Кире бериш жерде жооптуу адамдар туруу зарыл:
  • Имаратка кирген бардык адамдардын дене табын контаксыз өлчөө керек;
  • Кирген адамдарда жөтөлдүн, энтигип дем алуунун, сасык тумоонун болуусуна байкоо жүргүзөт жана ал жөнүндө кыскача сураштырат;
  • Имаратка кирүү учурунда адамдардын 1-1,5 метр физикалык аралыктын сакталышы керек;
  • Дене табы жогору болгон жана инфекциянын белгилери бар адамды аныктоодо кичипейил жана сылык формада имараттын ичине кирбөөнү жана ҮМБдагы дарыгерге же колл-борборго кайрылуусу керек;
  • Окуу имаратына беткапсыз кирүүгө жана беткапсыз жүрүүгө тыюу салынат;
  • Факультеттерде жана колледждерде кафедрага кире бериште колду дезинфекциялоо үчүн антисептикалык каражаттардын болуусу камсыздалышы керек;
  • Эшиктердин туткалары хлорлонгон материалдар менен байланып жана такай алмаштырып туруу керек:

Негизинен бардык коюлган талаптар аткарылып, санитардык шарттарды аткаруу иштери күчөтүлдү жана университеттин бардык жамааты медициналык кароодон өткөрүлдү, санитардык китепчелери толдурулду. Санитардык абалдын эрежелерин сактоо үчүн мындай текшерүүлөр тез-тез өткөрүлүп турат - дейт Н.Ибраимова.

  • Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университеттинин имараттарынын санитардык абалы текшерилди