AVN







Чет тили адистигинин бүтүрүүчү тайпаларын,мамлекеттик практикага жиберүү конференциясы

Чет тили адистигинин бүтүрүүчү тайпаларын,мамлекеттик практикага жиберүү  конференциясы
 Mar 2, 2021  474

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Чет тили адистигинин Атк-01-19, Атк-2-18, Атк-3-18, КТк-2-18 тайпаларынын студенттери  7 (жети) жумалык мамлекеттик практикасын Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад областык мектептеринде онлайн жана офлайн форматында өтөөгө билдирүү бекитилди. 3-курсунун студенттери үчүн 2020-2021 окуу жылынын окуу планына ылайык уюштурулган “Мамлекеттик практикага” жиберүү конференциясы онлайн формата Zoomплатформасында болуп өттү.

Конференцияда жетекчилер тарабынан студенттерге практика өтөөнүн максаттарын жана милдеттерин, сабак өтүүнүн структурасы боюнча кеъири маалымат берилди жана кесипкөй адис катары калыптануудагы актуалдуулугу жөнүндө, практика учурунда сакталуучу техникалык коопсуздук эрежелери, пандемия шартына байланыштуу санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо нормалары жөнүндө кенен маалымат беришти. Ошондой эле студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип, практиканын аягында даярдалчу отчетторго коюлган талаптар, баалоо критерийлери боюнча маалыматтар берилди.

Аралыктан өткөрүлгөн конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика иштери боюнча директордун  орун басары Кайкыева Ү.Т., Чет тилдер жана орус тили ПЦКсынын практика жетекчилери жана студенттер катышышты.      

  • Чет тили адистигинин бүтүрүүчү тайпаларын,мамлекеттик практикага жиберүү  конференциясы
  • Чет тили адистигинин бүтүрүүчү тайпаларын,мамлекеттик практикага жиберүү  конференциясы