AVN

ХИМИКТЕРДИН КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАЛАРЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ХИМИКТЕРДИН КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАЛАРЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Mar 2, 2021  535

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый-техникалык факультетинин  Химия кафедрасындагы Х-1-18 тайпасынын үч жумалык кесиптик-базалык жана  Х-1-19-тайпасынын бир жумалык кесиптик-базалык (өндүрүштүк) практикаларынын жыйынтыктоочу конференциялары болуп өттү.

Онлайн өткөрүлгөн конференциянын  ишине Химия кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова, ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана  карьера бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева, практика жетекчилери  жана студенттер катышышты.

Студенттер кесиптик-базалык практикаларын Жалал-Абад шаарында жана Жалал-Абад областынын райондорундагы  мектептерде жана Жалал-Абад шаарындагы Нефтини кайра иштетүүчү Петролеум Компани заводунда,  Стандартизация жана метрология  борборунда, Жалал-Абад суу чарба башкармалыгында офлайн жана онлайн форматтарында өтөп келишти.

Конференциянын жүрүшүндө Х-1-18 (педагогикалык кесиптик-базалык), Х-1-19тайпасынын (өндүрүштүк кесиптик-базалык) студенттери практика мезгилинде жүргүзгөн иштеринин отчетторун  презентациялашты. Студенттер онлайн, офлайн форматындагы практиканын жүрүшүндөгү кыйынчылыктары, жетишкендиктери жөнүндө кенен айтып, суроолорго жооп беришти.

Конференциянын аягында практика жетекчилери, өндүрүштүк практика жана  карьера бөлүмү  тарабынан студенттерге пикир, сунуштар, каалоолор айтылуу менен конференциянын иши жыйынтыкталды.

  • ХИМИКТЕРДИН КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАЛАРЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ