AVN







ПРАКТИКА ӨТӨӨНҮН МАКСАТТАРЫ

ПРАКТИКА ӨТӨӨНҮН МАКСАТТАРЫ
 Mar 1, 2021  473

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин «Педагогикалык жана социалдык иштер»  бөлүмүнүн  “Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иш” ПЦКсында “Социалдык иш” адистигинин 3-курстарынын СРк-01-19, СРк-2-18 тайпаларынын студенттери үчүн 2020-2021-окуу жылынын окуу планына ылайык мамлекеттик практикасы пландаштырылган. Мамлекеттик практикага жиберүү конференциясы аралыктан (онлайн) форматта  ZOOM платформасында болуп өттү.

Конференцияда практика жетекчилер тарабынан студенттерге практика өтөөнүн максаттарын жана милдеттерин, кесипкөй адис катары калыптануудагы актуалдуулугу жөнүндө, практика учурунда сакталуучу техникалык коопсуздук эрежелери, пандемия шартына байланыштуу санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо нормалары жөнүндө кенен маалымат беришти.

Ошондой эле студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип, практиканын аягында даярдалчу отчеттун талабы жөнүндө, баалоо критерийлери боюнча маалыматтар айтылды. Конференцияга  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н.С. Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика  боюнча директордун орун басары Ү.Кайкиева жана практика жетекчилери А.А.Ташматова, Н.Н.Сатымкулова катышышты.

  • ПРАКТИКА ӨТӨӨНҮН МАКСАТТАРЫ
  • ПРАКТИКА ӨТӨӨНҮН МАКСАТТАРЫ