AVN

А.Ч. КАКЕЕВДИН ЮБИЛЕЙИНЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА

А.Ч. КАКЕЕВДИН ЮБИЛЕЙИНЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА
 Mar 1, 2021  506

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Философия кафедрасында академик А.Ч.Какеевдин 85 жылдыгына арналган “Природа научного знания” деген темада Эл-аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган конференцияга профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө А. Смутко " А.Ч. Какеевдин илимий-чыгармачылык жолуна" философиялык талдоо жүргүздү. Ал эми ф.и.д., профессор Ж.Б. Бокошев илимий изилдөөлөгү жазуу стилине токтолсо, Ата Мекендик жана алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдөн А. Германовна, А. Бугазев, А. Сухев, А. Королев, В. Зырянов, Б. Есенгулов, Э. Шарипова, И. Лукьященко ж.б. илимий ойлорун ортого салышты. Жыйынтыгында илимий конференция жогорку деңгээлде өтүп, конференцияга катышкан профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы, айрыкча кафедранын жаш илим изилдөөчүлөрү пайдалуу илимий азык алышты.

  • А.Ч. КАКЕЕВДИН ЮБИЛЕЙИНЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА