AVN







ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУ

ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУ
 Mar 1, 2021  575

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде ”Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр” аталышындагы долбоору жүргүзүлүп, Азия өнүктүрүү банкынан каржыланат. Долбоордун алкагында  жакынкы мезилде  аталган окуу жай алдыңкы тажрыйба  борборуна айланат. Алдыңкы тажрыйба борборунун социалдык өнөктөштөрү негизинен Жалал-Абад  областында жайгашкан   ири ишканалар болуп эсептелет. Алсак, ”Жалал-Абад электро” ААК,КР өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык  коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жалал-Абад областтык мониторинг жана баалоо сектору, Жалал-Абад шаардык Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы, Кыргызтелеком”ААКнын Жалал-Абад филиалы, Жалал-Абад областтык китепканасы жана “Осмонов Раззак” жеке ишканасы болуп саналат.

  Меморандумдун максаты-биргелешкен күч-аракетти эмгек рыногунун суроо талаптарына ылайык келүүчү жаңы форматтагы кадрларды өстүрүү үчүн Жалал-Абад колледжи менен өндүрүштүк сектордун кызматташуусун этап-этабы менен тереңдетүүгө багыттоо жана кесипкөй кадрларды даярдоо системасын жакшыртуу , жаңы технологияларды жана алдыңкы тажрыйба берүүдө инженердик-педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууда кызматташуу үчүн жаңы формаларды жана инновацияларды илгерлетүү болуп саналат.

Жалал-Абад колледжинде  өткөрүлгөн  эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу аземине КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн  бөлүм башчысы Э,К.Бөрүбаев,Жалал-Абад шаардык мэриясынын бөлүм башчысы С.М.Умаров,ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору А.П.Алибаев,№69 Аксы кесиптик лицейинин директору Т.К.Тасмаев,№63 Базар-Коргон кесиптик лицейинин директору К.М.Култаев,ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адистери: Н.С.Жолдошалиева,Ч.М.Бабакуловалар жана ЖАКтын Табийгый-техникалык бөлүмүнүн 111201“Ветеринария”,140212”Электр менен камсыздоо”(тармактар боюнча),140026”Электр станциялары жана тармактар”, 230109” Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникалык тейлөө жана программаларын камсыздоо,190605 “Автомобилдерди оңдоо жана тейлөө” адистиктеринин студенттери жана окутуучулары катышышты жана ушул адистиктер боюнча  эки тараптуу меморандумга кол коюлду.

Жалал-Абад электро” ААКнын башкы директорунун орун басары А.М.Паизов,КР өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык  коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Жалал-Абад областтык мониторинг жана баалоо секторунун башчысы М.А.Исмаилов, Кыргызтелеком”ААКнын Жалал-Абад филиалынын директорунун орун басары Э.И.Сабырканов, “Осмонов Раззак” жеке ишканасынын директору Р.А.Осмонов,Жалал-Абад областтык китепканасынын директору С.С.Аталиевалар,ЖАКтын директору п.и.к,доцент Б.М.Турдубаевалар   сөз сүйлөшүп,өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү.Ошондой эле студенттер өздөрүнүн адистиктери боюнча презентацияларды жасашты.

  • ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУ
  • ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУ
  • ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУ
  • ЭКИ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУ