AVN







КУЛЧУЛУККА КАБЫЛУУДАН САК БОЛГУЛА

КУЛЧУЛУККА КАБЫЛУУДАН САК БОЛГУЛА
 Dec 20, 2017  1289

ЖАМУнун студенттеринин катышуусунда 18-декабрь күнү «Биз адам сатууга каршыбыз» аталышындагы флешмоб болду. Флешмоб “Асылзат” аялдардын демилгелүү борбору жана Жалал-Абад мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурулду.

“Асылзат” аялдардын демилгелүү борборунун жетекчиси Наргиза Ештаева студенттер менен жоолугушуу учурунда,  - Адам сатуу – бул пайда көрүү максатында адамдарды эсплутациялоо.

Эскплутациялоо – бул мажбурлоо жолу менен каалабаган жумушту аткаруу, жаман шарттарда иштетүү, алдоо, мазактоо, уруу, сойкулукка берүү.  Ал эми өз ыктыяры менен эч ким кул болууну каалабайт. Андыктан адам саткан адамдар ар түрдүү алдоо же зордуктоо жолдорун колдонушат. Кулчулукка сатылган адам мындай абалга келүүмө өзүм күнөөлүүмүн деген ойдо болуу үчүн саткан киши бардык аракетин жасайт. Анткени адам мындай ойдо болсо башкалардан жардам сурай албайт. Ошондуктан ар бир жаран кулчулукка сатылып кетүүдөн сактанууга тийиш – деп билдирди Н. Ештаева.

Эскерте кетсек “Асылзат” аялдардун демилгелүү борбору Ош шарында 11 жылдан бери иш жүргүзүп, Республиканын аймагындагы  көйгөйлүү маселелердин үстүндө иштеп келет.