AVN







“АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮ”

“АТА МЕКЕНДИ КОРГОО  КҮНҮ”
 Feb 26, 2021  643

Жигиттер ай жүзүндөй сулуусуңар

                          Кыздар үчүн күндүн чачкан нурусуңар.

                         Эл үчүн чек арада жоокерсиңер

                         Эне үчүн асмандагы аппак булутсуңар

2003-жылдын 20-январында №17-токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын  өкмөтүнүн  “23-февраль  Ата Мекенди коргоо күнү” деп жарыяланып. Ошол күндөн  бери Кыргызстанда бул күн элдик майрам катары  Ата Мекенди коргоочулардын күнү деп белгиленип келет.                         Б.Осмонов  атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин  медициналык  колледжинин  студенттери    “23-Февраль  Ата  Мекенди  коргоо  күнүн”   белгилешип,   Жаштар комитетинин курамы эрте менен саат 8:00дө агайларды жана мырза студент жигиттерди жакшы маанайда музыканын  коштоосунда  тосуп  алышып, күтүлбөгөн  белектерди  тартуулашты.    Иш-чара студенттерди Мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка, ыймандуулукка, адептүүлүккө, бирин бири сыйлоого   тарбиялоо  максатында өткөрүлдү.   Кураторлор  Болотова Динара  жана Садирбек кызы Элизаттар   1-курсттардын    концерттик программасын   жогорку  денгээлде  даярдап өткөрүштү.  “23-Февраль  Ата  Мекенди  коргоо  күнүнө”   карата  Сд-1-20,   Сд-2-20 тайпалары  Кыргызстан, мекен, туулган  жер  жөнүндө ырларды, бийлерди,  жоокерлер  жөнүндө корүнүштөрдү  аткарышып, өздөрүнүн  таланттарыны көрсөтүшүп, агайларды  жана студент жигиттерди  куттукташты.      Ар бир куратор    жыл башында бекитилген   тайпаларына    “Ата Мекенди коргоо күнүнө” карата куратордук сабактарды  өтүшүп, видеороликтерди жасашып, сайттарга жайгаштырышты.

  • “АТА МЕКЕНДИ КОРГОО  КҮНҮ”
  • “АТА МЕКЕНДИ КОРГОО  КҮНҮ”
  • “АТА МЕКЕНДИ КОРГОО  КҮНҮ”
  • “АТА МЕКЕНДИ КОРГОО  КҮНҮ”
  • “АТА МЕКЕНДИ КОРГОО  КҮНҮ”