AVN







ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АБАЛЫ

ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АБАЛЫ
 Feb 26, 2021  451

Жалал-Абад колледжинин  Экономика-юридикалык бөлүмүндөгү Экономика жана туризм ПЦКсынын окутуучулары жана студенттери Көк-Жангак шаардык мэриясынын алдындагы каржы бөлүмүнүн жетекчилери тарабынан уюштурулган “Пандемия шартында жергиликтүү бюджеттин абалы” аталыштагы теманын алкагында тегерек столго катышты.

Иш-чара Көк-Жангак шаарынын мэриясынын имаратында уюштурулуп, Каржы бөлүмүнүн жетекчиси  Маткаримов Кылычбек, Джураева Асел өз сөздөрүндө пандемиянын өлкөгө тийгизген таасири жана бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип, алдыда аткарыла турган иш аракеттерге кеңири токтолду.

Бул иш-чара студенттердин өз кесибине болгон кызыгуусун арттыруу менен дагы да терең билим алуусуна шыктандырды. Ошондой эле теориялык алган билимдеринин практикада  колдонула тургандыгын үйрөнүштү.

Уюштургандар: Тукуева Н.Т., Кочкорова А.А.

  • ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АБАЛЫ
  • ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АБАЛЫ
  • ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АБАЛЫ
  • ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИН АБАЛЫ