AVN







“ТИЛИМ БАРДА УЛУКМУН, ТИЛИМ ӨЛСӨ ДУДУКМУН”

“ТИЛИМ   БАРДА  УЛУКМУН,  ТИЛИМ  ӨЛСӨ  ДУДУКМУН”
 Feb 24, 2021  581

 “21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык Эне-тил күнүнө” карата медициналык колледжинде  Фарм-1-20, Фарм-2-20, Фарм-3-20, Фарм-4-20 Фарм-5-20 тайпаларынын студенттери арасында “Тилим барда улукмун, тилим өлсө дудукмун” деген темада сынак уюштурулуп, 4 программанын  негизинде өткөрүлдү.

  1. Саламдашуу (өз атын чечмелөө)
  2. Жеке номер
  3. Көркөм окуу
  4. Улуттук бий

Сынакка  студенттерден куралган  Фарм-1-20 тайпасынан  “Биримдик”, Фарм-2-20 тайпасынан   “Жетиген”,  Фарм-3-20 тайпасынан  “Бир бол”,  Фарм-4-20 тайпасынан   “Достук”,  Фарм-5-20 тайпасынан  “Единство” деген командалар катышып, командалар кыргыз, орус, казак, өзбек, англис, немец, түрк, тажик тилдеринде саламдашуу айтышып, түрдүү улуттун түрдүү тилдерин данктап көркөм окуу аткарышып, ар бир улуттун бийлерин аткаруу менен  өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү. “Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “Студенттик күндөр” жөнүндө жеке номерлерди жогорку денгээлде чеберчилик менен көрсөтүштү.                                                                                                        Сынактын жыйынтыгынды: 1-орунду 153 упай менен Фарм-3-20 тайпасынан куралган “Бир бол” командасы, 2-орунду 146 упай менен Фарм-2-20 тайпасынан куралган “Жетиген” командасы, 3-орунду 135 упай менен Фарм-4-20 тайпасынан куралган  “Достук” командасы ээ болушуп, медициналык колледждин дипломдору менен сыйланышты. Сынак медициналык колледжинин тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.И.Темирбаева тарабынан уюштурулду. Ар бир улуттун тилин сыйлоого, маданиятын урматтоого жана студенттерди  достукка, биримдикке, ынтымактуулукка үндөө максатында сынак  өткөрүлдү. “Тилим барда улукмун, тилим өлсө дудукмун” деген темада сынакка катышкан студенттерди  орус тили окутуучусу Хайткулова Курманжан,  кыргыз тили окутуучулары Байгозуева Назгүл, Балываева Шахнозалар  даярдашып, жогорку денгээлде өткөрүштү.

“21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк Эл аралык Эне-тил күнүнө” карата медициналык колледжинде кураторлор ар бир тайпага “Эл аралык Эне-тил кунүн данктайбыз”  деген темада куратордук сабактарды өтүштү. “Эл аралык Эне тил күнүнө” карата видеороликтер жасалып, фейзбук, инстаграмм сайттарына жүктөлдү.

  • “ТИЛИМ   БАРДА  УЛУКМУН,  ТИЛИМ  ӨЛСӨ  ДУДУКМУН”
  • “ТИЛИМ   БАРДА  УЛУКМУН,  ТИЛИМ  ӨЛСӨ  ДУДУКМУН”
  • “ТИЛИМ   БАРДА  УЛУКМУН,  ТИЛИМ  ӨЛСӨ  ДУДУКМУН”
  • “ТИЛИМ   БАРДА  УЛУКМУН,  ТИЛИМ  ӨЛСӨ  ДУДУКМУН”
  • “ТИЛИМ   БАРДА  УЛУКМУН,  ТИЛИМ  ӨЛСӨ  ДУДУКМУН”
  • “ТИЛИМ   БАРДА  УЛУКМУН,  ТИЛИМ  ӨЛСӨ  ДУДУКМУН”
  • “ТИЛИМ   БАРДА  УЛУКМУН,  ТИЛИМ  ӨЛСӨ  ДУДУКМУН”
  • “ТИЛИМ   БАРДА  УЛУКМУН,  ТИЛИМ  ӨЛСӨ  ДУДУКМУН”
  • “ТИЛИМ   БАРДА  УЛУКМУН,  ТИЛИМ  ӨЛСӨ  ДУДУКМУН”