AVN







Практика профессионал техник адистерди даярдоо процессинде чоң мааниге ээ

Практика профессионал техник адистерди даярдоо процессинде чоң мааниге ээ
 Feb 24, 2021  474

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Табигый-техникалык бөлүмүнүн “Автоматташтырылган системалар жана математика” ПЦКсында ПОВТАС жана БАС адистиктеринин 3-курсунун студенттери үчүн 2020-2021 окуу жылынын окуу планына ылайык уюштурулган “Квалификация алдындагы практикага” жиберүү конференциясы онлайн форматта Zoom платформасында болуп өттү.

Конференцияда жетекчилер тарабынан студенттерге практика өтөөнүн максаттарын жана милдеттерин, студенттердин укуктары жөнүндө, кесипкөй адис катары калыптануудагы актуалдуулугу жөнүндө, практика учурунда сакталуучу техникалык коопсуздук эрежелери, пандемия шартына байланыштуу санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо нормалары жөнүндө кенен маалымат беришти.

Ошондой эле студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп берип, практиканын аягында даярдалчу отчетторго коюлган талаптар, баалоо критерийлери боюнча маалыматтар берилди. Конференцияга ЖАМУнун практика бөлүмүнүн башчысы Бабакулова Чынара, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басары Кайкиева Улпат  катышышты.

  • Практика профессионал техник адистерди даярдоо процессинде чоң мааниге ээ
  • Практика профессионал техник адистерди даярдоо процессинде чоң мааниге ээ