AVN







КОНОК ЛЕКЦИЯ

КОНОК ЛЕКЦИЯ
 Feb 24, 2021  527

"Дерадикализация в Центральной Азии: работа в тьюрмах и реинтеграция женщин и детей возвращенных из Сирии и Ирака" деген аталышта өткөрүлгөн эл аралык онлайн лекцияга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын профессордук окутуучулук курамы жана социалдык иш багытынын студенттери катышты.

Конок-лекциянын угуучулары катары көптөгөн өлкөлөрдөн, анын ичинде Россиядан, Германиядан жана жакынкы чет өлкөлөрдөн катышып, иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандан Юлия Денисенко, К.Сайназаров, Казакстандан Г.Раздыкова, Өзбекстандан О.Ильмурадова баалуу маалыматтар менен бөлүштү. Жогорудагы лекциялар социалдык иш багытынын объектисине киргендиктен, өтө пайдалуу болгондугун баса белгилөөгө болот. Айрыкча, Сирия сыяктуу өлкөлөрдө зомбулукка кабылган жарандарды өз жерине кайтаруу багытынын Казакстанда жана Өзбекстанда колго алынган реабилитация иштери. Ал эми биздин өлкөдө да бул жараяндын колго алынып жаткандыгына токтолушту. Андан сырткары, Ю.Денисенконун Кыргызстандагы абактан кийинки аялдардын жашоосун оңдоп түздөө багытындагы маалыматы да көпчүлүктү кызыктырды. Онлайн-лекция суроо-жооптор менен коштолуп, сунуштарды киргизүү менен жыйынтыкталды.

  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ