AVN







«БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК»

«БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК»
 Feb 22, 2021  627

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  Жалал-Абад колледжи "Табигый-техникалык" бөлүмү жаштарды колдоо максатында жергебизде, тынчтык, аманчылык, токчулук-молчулук болсун деген жакшы жараян менен БАС жана ПОВТАС адистигинде окуган студенттер арасында "Билимдүүгө дүйнө жарык" аталышында "Акыл ордо" интеллектулдык таймашы болуп өттү.

Таймашка БАС жана ПОВТАС адистигинде окуган 1, 2, 3 курсттун студенттери катышып жогорку деңгээлде оюн көргөзүп беришти. Оюн, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу онлайн ZOOM платформасында өткөрүлдү.

Оюнга каракылды как жарган, калыстык менен башкарган калыстар тобу дайындалып, алар 1, 2, 3 орунду аныктап беришти. Калыстар тобунда олтурган мугалимдер Калдарова Динара, Пахриддинова Элиза, Өмүралиева Каныкей, Кочкорбаев Асилбек  болуп, мыктыларды  электен өткөрүп аныктап беришти.

Ал эми, мыкты оюн көргөзүп , атандааштарын артта калтырган жогорку балл менен ийгиликке жетишкен ПОВТАСк 2-19 тайпасынын  студенттери 1- орунду камсыз кылышты. Ал эми 2- орунду БАСк-2-19 тайпасынын студенттери багындырышты. 3-орунду камсыз кылган ПОВТАСк-2-20 тайпасынын студенттери болушту.   БАСк-2-18 жана БАСк-2-20 тайпасынын студенттери 4 -орунду камсыз кылышты. Оюндун соңунда бөлүмдүн башчысы Кочкорбаев Асилбек сөз сүйлөп, студенттерге ийгилик каалап, мыкты сөздөрүн, акыл кеп кеңештерин айтып студенттердин окууларына ийгилик каалап өттү.

Оюнду БАСк 2-19 тайпасынын студенттери Каныбек уулу Бекзат жана Арапбаев Кудайбердилер уюштурушкан. Мындан ары токтобой, ар айдын ортосунда оюн уланып турмакчы болду.