AVN







ЭНЕ ТИЛИ- ЭЛДИН ДИЛИ

ЭНЕ ТИЛИ- ЭЛДИН ДИЛИ
 Feb 22, 2021  537

Б.ОсмоноватындагыЖалал-Абад мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил бөлүмү уштурган “21-февраль–Бүткүл дүйнөлүк Эне тил” күнүнө карата «Эне тили – элдин дили» аталыштагы онлайн илимий – практикалык конференция болуп өттү. Конференцияда мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы фил.и.д., К.Б.Калчекеев сөз сүйлөп ачты.

Андан кийин ЖАМУнун илимий-иштери боюнча проректору, ф-м.и.д., профессор К.С.Алыбаев эне тил күнүнө арналган конференциянын, актуалдуулугуна токтолуп жалпы катышуучуларды куттуктады. КРнын өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ы.Т.Ызабеков, Жалал-Абад шаарынын вице мэри К.А.Алтымышовдор сөз кезегин алып эне тилдин баалуулугу, бийиктиги, ыйыктыгы тууралуу мазмундуу куттуктоолорду айтуу менен маанилүү ой пикирлерин билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө көрүнүктүү окумуштуулар, белгилүү акын жана журналистердин тобу катышып Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин жана мамлекеттик тилдин тарыхы жаралышы өнүгүшү келечеги багытындагы мазмундуу баяндамаларды жасап суроо жооптор айтылды.

Иш-чаранын жыйынтыгында “21-февраль–Бүткүл дүйнөлүк Эне тил” күнүнө карата «Эне тили – элдин дили» аталыштагы онлайн илимий – практикалык конференциянын жалпы катышуучуларын мазмундуу баяндамалары, орчундуу ой пикирлери үчүн уюштуруучулардын атынан мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы фил.и.д., К.Б.Калчекеев чоң ыраазычылык билдирип, иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

  • ЭНЕ ТИЛИ- ЭЛДИН ДИЛИ
  • ЭНЕ ТИЛИ- ЭЛДИН ДИЛИ
  • ЭНЕ ТИЛИ- ЭЛДИН ДИЛИ
  • ЭНЕ ТИЛИ- ЭЛДИН ДИЛИ