AVN







ААЛАМ АЛПЫ - АЙТМАТОВ

ААЛАМ АЛПЫ - АЙТМАТОВ
 Dec 15, 2017  1735

Филология факултетинин жыйындар залында 21-декабрда Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесин утурлаган "Аалам алпы-Айтматов" аталышындагы акыл ордо таймашы болду. Оюн  Жалал-Абад колледжи тарабынан уюштурулуп, ага колледждин  21 студенти  катышышты.

Колледждин директору  Бариса Турдубаева оюндун ачылышында сөз сүйлөп, студенттерге ийгилик каалады.

Ал эми оюн 3 бөлүктөн туруп, алгач Ч. Айтматовдун өмүр жолу боюнча  15 суроо катышуучуларга берилди. Андан соң экинчи бөлүктө жазуучунун көркөм чыгармалары жөнүндө 20 суроо узатылды. Акыркы бөлүктө залкар жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардан үзүндүлөр коюлуп, күтүлбөгөн үч суроо берилди. 

Оюндун жыйынтыгы чыгып,  биринчи орунду Ак кеме тобу, экинчи орунду Делбирим ал эми үчүнчү орунду Айтматов тобу ээледи.