AVN







ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ООГАН   СОГУШУНУН   АРДАГЕРЛЕРИ   МЕНЕН   ЖОЛУГУШУУ
 Feb 20, 2021  565

2021-жылдын 15-февралында Советтер Союзунун жоокерлерин Ооган Республикасынан чыгарылганына 32 жыл толду. Буга байланыштуу Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин студенттери  “Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу жана жоокерлерди эскерүү ”  иш-чарасы  өткөрүлдү.  Жолугушууга ЖАМУда эмгектенген Ооган ардагерлери  М.Мамытов, Ш.Нурдинов, К.Сабировдор конок катары чакырылышты. Иш-чараны  колледждин директору А.Эгембердиева ачып, өз сөзүндө ардагерлердин эрдиктерин айтып, согушта курман болгон жоокерлерди эскерип өттү. Ошондой эле ЖАМУда эмгектеген Ооган согушунун ардагерлерине бекем ден-соолук, иштерине ийгилик каалады.                                                                          

 Ооган согушунун ардагерлерине  колледждин  Ад-1-20 жана Лд-1-20 тайпаларынын студенттери өздөрүнүн майрамдык концертин тартуулашты. Лд-1-20 тайпасынын студенти Каримов Мухамадсидик  “Ооган согушунун ардагерлери дайыма мамлекеттин алдынкы саптагы патриоттору катары тарыхта кала берет. Ооганчылар кыргыз эли сонку жылдары башынан кечирген оор күндөрдө  да жанын үрөп, сап алдында мыкты үлгү көрсөтө алышты. Биз Ооган согушунун ардагерлери менен сыймыктанабыз. Ооган согушунун ардагерлери мындан ары да бизге окшогон жаш муундарга патриоттук дем берүүдө, Ата Мекенди коргоодо, тарбиялоодо демилгени өз мойнуна алат деген ишенимдемин деп ардагерлерге ден-соолук, узун өмүр  каалап өттү.

Момошов Оомат жана  Торогелдиева Сабрина “Биз сиздер менен сыймыктанабыз” деген темада көркөм окуу окушту. Жороев Расул       “Апам үчүн эмне кылдым” деген ырды созолонтуп ырдап берди. Кыздар тобу “Кыргыз бийин” чимирилип бийлеп, өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү. Ооган согушунун ардагерлерине студенттер кызыккан суроолорун беришип, кызыктуу маектешүү болду. Жолугушуунун акырында ардагерлерге студенттер өздөрүнүн даярдаган белектерини куттуктап беришти. Иш-чара жогорку денгээлде өткөрүлдү. Даярдаган куратору: Ормогоева Айнура.

  • ООГАН   СОГУШУНУН   АРДАГЕРЛЕРИ   МЕНЕН   ЖОЛУГУШУУ
  • ООГАН   СОГУШУНУН   АРДАГЕРЛЕРИ   МЕНЕН   ЖОЛУГУШУУ
  • ООГАН   СОГУШУНУН   АРДАГЕРЛЕРИ   МЕНЕН   ЖОЛУГУШУУ
  • ООГАН   СОГУШУНУН   АРДАГЕРЛЕРИ   МЕНЕН   ЖОЛУГУШУУ
  • ООГАН   СОГУШУНУН   АРДАГЕРЛЕРИ   МЕНЕН   ЖОЛУГУШУУ