AVN







ЖАЛАЛ-АБАДДЫН ОБЛУСУНУН ТАРЫХЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН ОБЛУСУНУН  ТАРЫХЫ
 Feb 20, 2021  759

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Гулнора Анарбаева ар жуманын шейшемби күндөрү көгүлтүр экран аркылуу кыргыз элине тарыхыбыз тууралуу маалымат берүүдө.

Бул жолу Жалал-Абад облусунун тарыхы жөнүндө маалыматтарды айтты. Облустун аянты 33,7 миң км2 (Кыргызстандын аянтынын 16,9%). Калкы 869,3 мин (республиканын калкынын 18,0%). Облустун аймагы суусу мол, дарыя тармагынын жыштыгы менен айырмаланат. Ири дарыялары-Нарын, Чаткал, Карадарыя жана алардын куймалары. Топурак-өсүмдүктөрү ар түрдүү келип, бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт. Дүйнөдөгү жаңгак-мөмө-жемиш токоюнун эң ири массиви да Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан. Алар Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш, ошондой эле Чаткал кырка тоосунун чыгыш капталдарын 1100 мден 2200 м бийиктикке чейин ээлейт. Токойдун жалпы аянты 630,9 миң га. Кен байлыктардын ичинен облус отун-энергетикалык ресурстарга бай. Нарын дарыясынын каскады курулган. Ошондой эле таш көмүрдүн (Көкжаңгак, Ташкөмүр), мунай менен газдын (Чаңгырташ, МАйлысуу, Избаскен, Кочкората ж.б.), сурьма (Терек), алтын (Макмал), полиметалл (Сумсар), марганец, озокерит, гипс ж.б. кендери бар. Ысык жана минералдуу суу булактары чыккан жерлер (Жалал-Абад, Майлысуу, Кочкората ж.б.) да арбын.