Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Маданий-эстетикалык борборунун адистери тарабынан 23-февраль Мекенди коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду.
Иш-чара аралыктан (онлайн) уюштурулуп, ага таланттуу студенттер катышып, өнөрлөрүн тартуулашты. Мекенди коргоого арналган чыгармаларды көркөм окуу менен катар эле патриоттук негиздеги чыгармаларды аткарышты.
Маданий-эстетикалык борборунун адиси Нурбек Шамуратовдун айтымында, учурдагы кырдаалга байланыштуу майрамдык иш-чара онлайн уюштурулду. ЖАМУнун жалпы кызматкерлерин куттуктап таланттуу студенттердин өнөрлөрүн тасмага түшүрүлгөн. “Мекенди коргоо күнү менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамаатын куттуктайбыз. Мекенибизде тынчтык өкүм сүрүп, гүлдөгөн, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдөн болсун!” – деген тилектерин билдиришти.