AVN







САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ АРТЫКЧЫЛЫКТУУ ПЛАТФОРМАЛАР

САНАРИПТИК    БИЛИМ   БЕРҮҮДӨГҮ   АРТЫКЧЫЛЫКТУУ   ПЛАТФОРМАЛАР
 Feb 16, 2021  801

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 27 окутуучусу “КРЕАТИВ”  билим берүү комплекси тарабынан  “Санариптик билим берүүдөгү артыкчылыктуу платформалар” аталышындагы үч күндүк семинарга катышышты.

Семинарда окутуучулар сабакка презентация даярдоонун ыкмалары Pover Point программасы менен иштөө, Анимация түшүнүгүү, Benime  программасы боюнча, интерактивдүү досканын мүмкүнчүлүктөрү, интерактивдүү сабак өтүүнүн ыкмалары, кайтарым байланыш, Google сервистик программаларынын мүмкүнчүлүктөрү, электрондук почта ачуу, колдонуу, маалыматтарды электрондук түрдө  ташуунун, сактоонун жолдору,  Google диск  программасы менен иштөө, онлайн анкета, тест түзүү жана анын жыйынтыгын чыгаруу, Google форма  программасы менен иштөө, кайтарым байланыш, Kahoot программасы менен иштөө, Plickers  түшүнүгүү боюнча кеңир түшүнүк алышты.

Семинарды “КРЕАТИВ”  билим берүү комплексинин директору, тренер Касымбаев Нурсултан өзүнүн тажрыйбасын окутуучулар менен бөлүшүп, семинар өттү. Семинарга окутуучулар активдүү катышышты. Семинардын аягында окутуучулар сертификаттарга ээ болушту. Семинарды  окутуучу Байгозуева Назгүл тарабынан уюштурулду. Байгозуева Назгүл семинарды уюштурганы үчүн “КРЕАТИВ”  билим берүү комплекси тарабынан  “Ыраазычылык кат” жана “Мыкты мугалим”, Ийгиликтүү мугалимге кеңештер”, “Идеалдуу мугалим болуунун сырлары”, “Окутуунун жаңы технологиялары”, “Устаттын усулдук сырлары”, “Мугалимдин сырдаш китеби”, “Шакиртиме кат” аталышындагы китептерге ээ болду.

  • САНАРИПТИК    БИЛИМ   БЕРҮҮДӨГҮ   АРТЫКЧЫЛЫКТУУ   ПЛАТФОРМАЛАР
  • САНАРИПТИК    БИЛИМ   БЕРҮҮДӨГҮ   АРТЫКЧЫЛЫКТУУ   ПЛАТФОРМАЛАР
  • САНАРИПТИК    БИЛИМ   БЕРҮҮДӨГҮ   АРТЫКЧЫЛЫКТУУ   ПЛАТФОРМАЛАР
  • САНАРИПТИК    БИЛИМ   БЕРҮҮДӨГҮ   АРТЫКЧЫЛЫКТУУ   ПЛАТФОРМАЛАР
  • САНАРИПТИК    БИЛИМ   БЕРҮҮДӨГҮ   АРТЫКЧЫЛЫКТУУ   ПЛАТФОРМАЛАР