AVN







ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНДӨГҮ ЖЕКЕЛИК ЖАНА ЖАЛПЫЛЫКТАР

ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНДӨГҮ ЖЕКЕЛИК ЖАНА ЖАЛПЫЛЫКТАР
 Feb 16, 2021  628

2021-жылдын 12-февралында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Илим, Магистратура жана Phd докторантура бөлүмү тарабынан атайын магистранттар үчүн «Илим изилдөө ишмердүүлүгүндөгү жекелик жана жалпылыктар» аталыштагы онлайн семинар өткөрүлдү.

Семинарды Магистратура жана Phd докторантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Чокоева Д.М. алып барды.  Иш-чарага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамдын 15 өкүлү жана 30 магистранттар катышышты. Негизги баяндаманы ЖАМУнун илим иштери  боюнча проректору, профессор К.С. Алыбаев жасап: «Илим изилдөө ишмердүүлүгүндөгү жекелик жана жалпылыктардын мааниси» аталышта баяндама окуду.

Баяндамада:

  • Илим изилдөөнүн негизин түзгөн илимий проблеманы илимий жетекчи менен бирдикте аныктоо, тактоо.
  • Проблема боюнча материалдарды топтоо
  • Топтолгон материалдарга анализ жүргүзүү. Көз караштар, чечмелөө, методдор, жыйынтыктар.
  • Проблеманы чечмелениш деңгээлин аныктоо, актуалдуулугуна баа берүү
  • Изилдөөнү жүргүзүүнүн багыттарын тактоо
  • Гипотезаларды жылдыруу
  • Гипотезаларды текшерүү

маселелерине кеңири  токтолду.

         Семинардын экинчи бөлүгүндө магистрант Эрматали уулу Баяман «Өз алдынча ишти аткаруунун бир формасы» аталыштагы баяндама окуду. Жыйынтыгында магистранттар, окутуучулар тарабынан суроолор берилип жооптор айтылды.