AVN

ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Feb 15, 2021  619

2021-жылдын 15-февралында Совет Союзунун жоокерлерин Ооган Республикасынан чыгарылганына 32 жыл толду. Буга байланыштуу Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы "Философия жана гуманитардык илимдер" кафедрасында Ооган ардагерлери менен онлайн жолугушуу жана жоокерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Жолугушууга ЖАМУда эмгектенген Ооган ардагерлери К.Ж.Усенов, А.О.Шерматов, М.И.Мамытов, К.А.Сабировдор конок катары чакырылышты. Иш-чараны кафедра башчы Г.Т.Токтогулова ачып, ардагерлердин эрдигин айтып, мекен үчүн жалпы эле Советтер Союзунун элинин тынчтыгы, жаркын жашоосу үчүн кан төгүп мерт кеткен жоокерлерди эскерди. Ошондой эле ЖАМУда эмгектенген Ооган согушунун ардагерлерине бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалады.

Онлайн жолугушууга профессордук-окутуучулук курам жана студенттер активдүү катышышты.

Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи ар түрдүу жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан.

  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ