AVN







ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНСЫЙЛАЙБЫЗ ЖАНА СЫЙМЫГЫБЫЗ

ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНСЫЙЛАЙБЫЗ ЖАНА СЫЙМЫГЫБЫЗ
 Feb 15, 2021  560

Ооган Республикасынан Советтик аскерлерди алып чыкканынын 32 жылдыгына карата салттуу түрдө жыл сайын өткөрүлүп келген иш-чара катары, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бир топ жылдардан бери иштеп келе жаткан, ардактуу профессор-окутуучулар жана кызматкерлер, тактап айтканда Ооган согушунун алты ардагерлери К.Ж.Усенов, Ш.Ш.Нурдинов, А.О.Шерматов, М.И.Мамытов, Ы.С.Джоробаев,  Р.Сарымсаковдор университеттин ректорунун2021-жылдын 8-февраль №33 буйругунун негизинде (атайын каражаттын эсебинене) 5000 (беш миң) сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Өлкөдөгү өткөрүлүп жаткан иш аракеттердин негизинде бул иш-чараны университеттин жалпы жааматы колго алып материалдык жана моралдык жардам көрсөтүү иштери, ошондой эле факультет жана колледждерде студенттердин катышуусу менен жолгушуу жана тематикалык кечелери, тегерек столдор, флешмобдор, видеороликтер, телевидение менен биргеликте видео берүүлөр ишке ашырылып келүүдө. Негизги максат Ооган согушунун ардагерлеринин жасаган эрдиктерин жаш муундарга тааныштыруу, патриоттук дем берүү менен тарбиялоо, ардагерлерге урмат, ызат-сый көрсөтүү. Жалпы Ооган согушуна ктышып келген ардагерлерге чың ден-соолук, узун өмүр, амандык, кең келечек, иштеринде албан ийгиликтерди каалайбыз!

  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНСЫЙЛАЙБЫЗ ЖАНА СЫЙМЫГЫБЫЗ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНСЫЙЛАЙБЫЗ ЖАНА СЫЙМЫГЫБЫЗ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНСЫЙЛАЙБЫЗ ЖАНА СЫЙМЫГЫБЫЗ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНСЫЙЛАЙБЫЗ ЖАНА СЫЙМЫГЫБЫЗ