AVN







ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ

ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
 Feb 12, 2021  1267

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери Ооган Республикасынан Советтик аскерлерди алып чыгаруунун 32 жылдыгына карата Ооган согушунун ардагерлерин куттукташты.

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 6 Ооган согушунун ардагерлери эмгектенишет. Алар окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек, медицина факультетинин деканы; Нурдинов Ш.Ш., Ш.М.Ниязалиев атындагы  “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедарасынын ага окутуучулары;  Шерматов А.О., Мамытов М.И., Жалал-Абад колледжинин окутуучусу  Жоробаев Ы.С. жана кенже көмөк көрсөтүү чарбасынын кызматкери; Сарымсаков Р.

ЖАМУнун Маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери ЭлТР телеканалы менен биргеликте атайын чыгарылыш даярдап, анда жогорудагы ардагерлер согуш учурунда башынан өткөргөн оор күндөрүн эскеришти. Ошондой эле шаардагы “Жеңиш” эс алуу багындагы эстеликке гүл коюшуп, көзү өткөн жоокерлерге куран түшүрүштү.

Ал эми окуу жай жыл сайын Ооган согушунун ардагерлерине 15-февраль күнү акчалай сыйлык тартуулап, атайын майрам уюштурууну салтка айлантып келет.

  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ
  • ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИ