AVN







ГИБРИДДҮҮ (АРАЛАШ) ОКУТУУ ФОРМАТЫН ТАЛКУУЛОО

ГИБРИДДҮҮ  (АРАЛАШ) ОКУТУУ ФОРМАТЫН  ТАЛКУУЛОО
 Feb 9, 2021  596

Медицина колледжинин эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-2021-окуу жылынын жазгы семестриндеги окуу процессин аралаш окутуу форматында уюштуруунун алгоритмин бекитүү жөнүндөгү 2021-жылдын 13-январындагы №19/1 буйругун, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2021-жылдын 27-январындагы №18 буйругун жана медициналык колледждин    администрациясына, окутуучуларына, студенттерине, окуу корпусунун коменданты жана көмөкчү кызматкерлерине иштелип чыккан көрсөтмөлөр менен   таанышышып,  кирүү фильтрин уюштуруу, беткап режими, физикалык аралыкты сактоо, колдун гигиенасы, жөтөл этикетин сактоо боюнча эрежелерди, окутуучулардын кезметчиликке туруусу боюнча  маселелерди кызуу талкуулашты.    

Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн сапатын жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен  коопсуз окутуу шарттарын камсыздоо, санитардык-гигиеналык  талаптарды  жана эпидемияга каршы  режимди эске алуу менен окуу процессин уюштуруу, COVID-19 вирусунун   жайылышын  алдын алуу жана эпидемияга  каршы режимди сактоо боюнча окутуучуларга, студенттерге, ата-энелерге, көмөкчү кызматкерлерге  тушүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ар бир куратор тайпаларга офлайн окутуу  боюнча куратордук сабактар өтүлдү. Кураторлор ата-энелер, студенттер менен онлайн жыйындарды өткөрүшүп, офлайн окутуунун эрежелери менен тааныштырышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ар бир куратор  куратордук сабактардын протоколун жазышып колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары  Г.Темирбаевага тапшырышты.

  • ГИБРИДДҮҮ  (АРАЛАШ) ОКУТУУ ФОРМАТЫН  ТАЛКУУЛОО
  • ГИБРИДДҮҮ  (АРАЛАШ) ОКУТУУ ФОРМАТЫН  ТАЛКУУЛОО
  • ГИБРИДДҮҮ  (АРАЛАШ) ОКУТУУ ФОРМАТЫН  ТАЛКУУЛОО