AVN







МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ

МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
 Dec 15, 2017  1563

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 14-декабрь күнү облустун жаш мугалимдерине арналган  «Мен – жаш мугалим” аттуу семинар болуп өттү. Ал КРнын Президентик аппаратынын алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду, Жалал-Абад шаардык жаштар комитети жана ЖАМУ  тарабынан биргеликте уюштурулду.  Ага Жалал-Абад облусунун аймактарында билим тармагында эмгектенген жаш мугалимдер катышты.

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбаевдин айтымында, семинар интелектуалдык инвестиция долбоору аркылуу уюшулду. Бүгүнкү семинарда үч спикер  катышуучуларга сабак өтөт. Алар,  Санжар Тажыматов Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын алдындагы Этностор, диний жана жарандык коом менен өз ара байланышуу бөлүмүнүн эксперти, Асылбек Жооданбаев “Р. Отунбаеванын демилгелери” фондунун өкүлү жана төкмө акын Идирис Айтибаев деп билдирди.

Ошондой эле ЖАМУнун проректору Айгүл Доранова иш чаранын ачылышында сөзгө чыгып, учурда жаш мугалимдерге коом суусап турганын белгилеп өттү. Сиздер келечек муунду жаңыча көз караш менен тарбиялап мамлекетке чоң салым кошосуздар. Мугалим мөмөлүү дарак, сиздердин мөмөңүздөр жемиштүү болсо мамлекеттин өнүккөнү ошол деп билебиз.  Балдар ата-энесине караганда сиздерди угат. Ошолорду туура тарбиялап, татыктуу билим берүү мугалимдердин колунда. Азыркы болуп жаткан семинардан жакшы жыйынтык алып, келечекте пайдалуу колдоносуздар деген ишеничтебиз деди А. Доранова.

Семинарда лекция окуган агайлар өзүлөрүнүн билимдерин, тажрыйбаларын жаш мугалимдерге айтып, үйрөтүштү. Окуучуларга кандай мамиле жасоо керек экендиги канткенде татыктуу билим берүүгө болоору семинарда белгилүү болду. Спикерлердин айтымында ар бир балага туура мамиле жасап, аларды демилгечи кылганда гана татыктуу билим берсе болоорун билдиришти.

Иш чаранын соңунда жогорудагы фонддун иш чараларына активдүү катышкан мугалимдер Ардак грамота менен сыйланып,  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары Таалай Мырзахметов менен Жоомарт уулу Медербек да грамотага ээ болушту.

  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ
  • МЕН – ЖАШ МУГАЛИМ