AVN







АВНДЕ ТЕСТ ТАПШЫРУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРИЛДИ

АВНДЕ ТЕСТ ТАПШЫРУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРИЛДИ
 Feb 8, 2021  552

Жалал –Абад колледжинин «Социалдык иш» адистигинин СРк-2-20 жана МЧББк 2-20 (9 база) тайпаларынын студентерине АВНде  тест тапшыруу боюнча түшүндүрмө иши кырдаалга байланыштуу «zoom» программасынын жардамы менен аралыктан (онлайн) өтүлдү.

Аралыктан өткөрүлгөн конференцияга ЖАКтын Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иштер ПЦК башчысы А.А.Ташматова окутуучулар А.К.Кыргызбаева, Н.Н. Сатымкулова, Т.А.Кожомуратова жана жалпы студенттер катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө ПЦКнын башчысы А.А.Ташматова студенттерге АВНде тест тапшыруунун максатын, кантип тапшыруунун жолдорун түшүндүрүп толук маалымат берди.

Окутуучу А.К.Кыргызбаева видеолорду жана сүрөттөдү көрсөтүп кеңири түшүндүрдү. Студенттер түшүнбөгөн суроолоруна так жана толук жооп ала алышты.

Жыйынтыгында тайпанын кураторлору Т.А.Кожомуратова, А.К.Кыргызбаевалар ар бир студентке тест учурунда куратор менен тыгыз иш алып барышын  баса белгилеп студенттерге ийгиликтерди каалашты.

  • АВНДЕ ТЕСТ ТАПШЫРУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРИЛДИ
  • АВНДЕ ТЕСТ ТАПШЫРУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРМӨ БЕРИЛДИ