AVN







ПРОФЕССИОНАЛДЫК - ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА

ПРОФЕССИОНАЛДЫК - ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА
 Feb 8, 2021  542

Орус филологиясы кафедрасында "Орус тили жана адабияты" профилинин 4 курстарынын студенттери үчүн профессионалдык -  профилдик практикасы боюнча таанышуу конференциясы болуп өттү.

Таанышуу конференциясы ЖАМУнун практика бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошалиева, орус филологиясы кафедрасынын методисттери Калмуратова Г.А., Жамашева Н.С., Калмурзаева А.А., Сулейманова Т.А., Жусупова А.А., Д.Т.Айылчиевалардын катышуусунда болду.

ЖАМУнун практика бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошалиева өз сөзүндө практиканын жүрүшүндөгү талаптар, өзгөрүүлөр жөнүндө айтып, студенттерге ийгилик каалады.

Орус филологиясы кафедрасында практикага жооптуу Калмуратова Г.А. студенттерди практиканын максаттары, милдеттери, коопсуздук талаптары, санитардык китептер менен камсыздалашы жөнүндө, отчеттук документтердин тизмеси, бөлүштүрүү менен тааныштырды.

Методисттер өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүп, студенттер түшүнбөгөн суроолорун беришти.

  • ПРОФЕССИОНАЛДЫК - ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА
  • ПРОФЕССИОНАЛДЫК - ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА