AVN







"КЕПИЛДИК ФОНДУ ЧАКАН ЖАНА ОРТО БИЗНЕСТИ ӨНҮКТҮРҮҮ КУРАЛ КАТАРЫ"

 Feb 2, 2021  622

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттин Экономикалык-юридикалык факультетинин жана Жалал-Абад колледжинин экономика багытындагы профессордук-окутучуулук жамаатына Кыргыз Республикасынын "Кепилдик Фонду” ААКнун башкармалыгын төрагасы Абакиров Малик-Айдар Барктабасовичтин   "Кепилдик Фонд чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн куралы" темасында конок лекциясы өтүлдү.

Лекциянын мазмуну төмөнкү маселелерди чагылдырды: кепилдик фондунун максаттары жана милдеттери, кепилдик фонддор тутумунун артыкчылыктары, кепилдик фондунун өнүгүшүнүн кыскача тарыхы, кыргыз кепилдик фондунун модели жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу, кепилдиктерди берүү боюнча өз ара аракеттенүү схемасы, кепилдиктерди жана кепилдик камсыздоо менен насыяларды берүү, берилген кепилдиктер региондордун тилкеси, эл аралык өнүгүү институттарынын долбоорлоруна кепилдик фондунун катышуусу, "Кепилдик фонд" АККтын программалары жана долбоорлору.

Жыйынтыгында суроо-жооп форматында, лекциянын катышуучулары өздөрүнүн суроолорун бере алышты.