AVN







КАРАСАЕВГЕ 120 ЖЫЛ

КАРАСАЕВГЕ 120 ЖЫЛ
 Feb 1, 2021  545

Табигый-техникалык факультетинин Химия кафедрасында белгилүү окумуштуу, тилчи,  филология илимдеринин  кандидаты,  профессор лексиколог,  улуттук  лексикограф , Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгына арналган конференция болуп өттү. Конференциянын ишине аталган факультеттин Табигый-илимий билим берүү багытынын професордук-окутуучулук курамы, химия, биология, география адистиктеринин бардык студенттери катышышты.

Конференциянын ишин  Химия кафедрасынын башчысы Н.Б.Арстанбекова ачып, К.Карасаевдин кыргыз эдине өзүнүн ат көтөргүс эмгегин калтырып кеткендигине токтолду. Конференцияда студенттер К.Карасаевдин өмүрү, илимий ишмердүүлүгү, эмгектери жөнүндө кеңири баяндамаларды окушту.

К.Карасаевдин 60 миң  сөздөн  турган «Кыргыз тилинин орфографиясы», Накыл сөздөрү жана  башка бир канча сөздүктөрү биз үчүн баа жеткис байлык. Конференция химия кафедрасынын окутуучусу Г.Молдошева тарабынан уюштурулуду.

  • КАРАСАЕВГЕ 120 ЖЫЛ
  • КАРАСАЕВГЕ 120 ЖЫЛ
  • КАРАСАЕВГЕ 120 ЖЫЛ
  • КАРАСАЕВГЕ 120 ЖЫЛ