AVN

Мамлекеттик тил боюнча билим берүү тармагындагы ченемдик-укуктук актылар жана алардын аткарылышы талкууланды

Мамлекеттик тил боюнча билим берүү тармагындагы ченемдик-укуктук актылар жана алардын аткарылышы талкууланды
 Jan 29, 2021  570

Кыргыз мамлекеттик юридикалык унверситетинин мамлекеттик тил борбору тарабынан «Мамлекеттик тил боюнча билим берүү тармагындагы ченемдик-укуктук актылар жана алардын аткарылышы» аталыштагы онлайн семинар уюштурулуп өткөрүлдү. Семинарга университеттин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору А.Д.Доранова катышты.

Семинарда темага байланыштуу көйгөйлүү маселелер жана 2021-2025-жылдары КРнын мамлекеттик тилин өнүктүрүүнүн тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы боюнча талкуу жүрдү. Семинардын максаты: Мамлекеттик тилге байланыштуу ченемдик-укуктук актыларды талдоо жана андагы жүзөгө ашпай жаткан механизмдерди талкуулоо, алгылыктуу сунуштарды киргизүү.

Семинарга КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, окутуучулары, мектеп мугалимдери катышышты.

  • Мамлекеттик тил боюнча билим берүү тармагындагы ченемдик-укуктук актылар жана алардын аткарылышы талкууланды