AVN







АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА

АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА
 Jan 29, 2021  670

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый-техникалык факультетинин “География” адистигинин  Г-1-19 тайпасынын студенттери үчүн окуу графигинин негизинде Адаптациялык-педагогикалык практикасына жөнөтүү конференциясы кырдаалга байланыштуу  “zoom” программасынын жардамы менен аралыктан (онлайн) уюштурулду.

Аралыктан өткөрүлгөн конференцияга «География» кафедрасынын башчысы доцент Б.М.Осмонова жана практика жетекчилери А.Ж.Керимбекова, А.К.Мамытова, студенттер катышты.

Кырдаалга байланыштуу студенттер өздөрү жашаган аймактардагы мектептерге жана Жалал-Абад шаары  №19 И.Сатыбаев атындагы жалпы билим берүү метебине бөлүштүрүлдү.  Кафедра башчы доцент Б.М.Осмонова конференцияга катышкан бардык студенттерге техникалык коопсуздук жана санитардык –гигиеналык эрежелер менен тааныштырды.

Конференциянын жүрүшүндө практика жетекчилери А.К.Мамытова, А.Ж.Керимбекова студенттерге Адаптациялык-педагогикалык практиканын максат, милдеттерин, жол карта боюнча күндөлүктүн жазылышы боюнча толук жана кеңири маалыматтарды беришти.  Студенттер Адаптациялык-педагогикалык практика боюнча түшүнбөгөн суроолоруна жетекчилер тарабынан жоопторду алышты.  Жыйынтыгында ар бир практика жетекчилери студенттер менен практика учурунда тыгыз иш алып барышын, баса белгилешти жана студенттерге Адаптациялык-педагогикалык практикасына ийгиликтерди каалашты.

  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА
  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА
  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА