AVN







ЖАМУнун МЕДИЦИНАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ ДҮЙНӨЛҮК МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА (WFME) ТААНЫЛДЫ

ЖАМУнун МЕДИЦИНАЛЫК  ФАКУЛЬТЕТИ ДҮЙНӨЛҮК МЕДИЦИНАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДА  (WFME) ТААНЫЛДЫ
 Jan 27, 2021  1293

Чет элдик медициналык бүтүрүүчүлөр үчүн билим берүү комиссиясынын маалыматына ылайык, Б.Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык  факультети Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясында  (WFME) таанылды жана университеттин бүтүрүүчүлөрү USMLE Step 2 CS сынагын тапшыруудан бошотулат!

Бул жетишкендик жалпы окуу жайыбыздын эмгек жамаатынын кезектеги ийгилиги. Баарыбыз биргеликте аткарган иш аракеттерибиздин натыйжасы. Мындан ары да биримдикте,ынтымак менен албан-албан ийгиликтерди жаратып, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты адистерди даярдайбыз деп ишенем” – деген каалоо-тилегин ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекоич билдирди.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык  факультети “Дарылоо иши”, “Фармация” адистиги багыттары боюнча студенттерди окутуп келет.