AVN







ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Jan 25, 2021  707

Жалал-Абад колледжинин  Кытай  тили адистигинин Ктк-2-18 тайпасынын студенттери 6 жумалык педагогикалык практикасын ЖАМУнун алдындагы Конфуций институттунда онлайн форматында өтөп келишти. Студенттердин педагогикалык практикасынын жыйынтыгы жөнүндө жыйынтыктоочу конференция  уюштурулду.  Конференцияда студенттердин 6 жума аралыгында жүргүзүп келген иштеринин,  отчетторун угушту.

Конференциянын жыйынтыгында  практика учурунда жетишкен ийгиликтерин, кетирген кемчиликтерин, туш болгон кыйынчылыктарын кенен айтып беришип, ар бир студент презентацияларын жасап, слайддарын жана видеолорун көрсөтүп отчет беришти.

Конференциянын жыйынтыгында практика жетекчилери менен студенттерге, алар үчүн даярдалган жол карта боюнча жумуштун аткарылышы жөнүндө  суроолор берилип, жооптор алынды.  Практика жетекчилер студенттерге сунуштарын кеп- кенештерин айтышып, студенттердин педагогикалык практикасынын баалары угулду,  ал эми студенттер жетекчилерине ыраазычылыгын билдиришти.

Педагогикалык практиканын жыйынтык конференциясы кырдаалга байланыштуу “zoom” тиркемесинин жардамы менен аралыктан (онлайн) уюштурулду. Аралыктан өткөрүлгөн конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика иштери боюнча директордун орунбасары КайкыеваҮ.Т., жана ЖАМУнун алдындагы Конфуций институнун жетекчиси ф.и.к. Мавлюда Шакирова катышты.

  • ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ