AVN







ТАРЫХЫБЫЗ ЖӨНҮНДӨ....

ТАРЫХЫБЫЗ ЖӨНҮНДӨ....
 Jan 25, 2021  613

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Гулнора Анарбаева ар жуманын шейшемби күндөрү көгүлтүр экран аркылуу кыргыз элине тарыхыбыз тууралуу маалымат берүүдө.

Анын айтымында облусттук телеканалдын эмгек жамааты менен биргеликте кыргыз элинин тарыхы, басып өткөн жолдору жөнүндө илимий жактан такталган маалыматтар көрсөтүүнүн жүрүшүндө айтылууда.

Биздин замандаштар, жаш муундар ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолун, бизге чейин кылымдарга өчүрбөй сактап келген салт-санааларын билип жүрүүсү абзел. Андыктан илимий жактан такталган тарыхый маалыматтарды жеткирүү максатында телеканалдын кызматкерлери менен биргеликте программа даярдалды” – дейт Г. Анарбаева.

“Тарыхы болбой эл болбойт, тамыры болбой дарак болбойт” – демекчи кыргыз эли улуу, нарк-насилдүү калк экендигин ар бир жаран билип, улуулугубузду сактап калууга кам көрөлү деп кошумчалайт ал.

  • ТАРЫХЫБЫЗ ЖӨНҮНДӨ....
  • ТАРЫХЫБЫЗ ЖӨНҮНДӨ....
  • ТАРЫХЫБЫЗ ЖӨНҮНДӨ....
  • ТАРЫХЫБЫЗ ЖӨНҮНДӨ....