AVN







ЖАМУда “АВН билим берүү порталындагы айрым өзгөрүүлөр” аталышындагы семинар өткөрүлдү

ЖАМУда “АВН билим берүү порталындагы айрым өзгөрүүлөр” аталышындагы семинар өткөрүлдү
 Jan 22, 2021  728

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2021-окуу жылынын 20-январында окуу бөлүмүнүн башчысы З.Сакбаева,  маалымат-технологиялары жана компьютердик техникаларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы А.Термечикова, ошондой эле аталган бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен биргеликте “ЖАМУнун АВН билим берүү порталындагы айрым өзгөрүүлөр” деген темада семинар өткөрүштү.  Семинарга декандар, директорлор, кафедра жана бөлүм башчылар катышты. Өлкөбүздөгү кырдаалга байланыштуу окуу процессинин онлайн режиминде, дистанттык формада өтүп жаткандыктан АВН билим берүү порталында дагы бир нече өзгөрүүлөр жасалып жатат, б.а. аралыктан иштөөгө ыңгайлаштырылууда. Семинардын катышуучуларына билим берүү порталындагы бир нече өзгөрүүлөр боюнча талкуу жасалды жана катышуучулар тарабынан дагы айрым сунуштар айтылды.

2020-2021 окуу жылынын 2чи жарым жылдыгында дагы окуу процесси студенттерге гибриддик формада жүрүүсү сунушталгандыктан, окутуунун сапатын жогорулатуу максатында дагы аткарылуучу иштер айтылып, факультеттердин жана колледждердин жетекчилери менен биргеликте талкууланды.   

  • ЖАМУда “АВН билим берүү порталындагы айрым өзгөрүүлөр” аталышындагы семинар өткөрүлдү
  • ЖАМУда “АВН билим берүү порталындагы айрым өзгөрүүлөр” аталышындагы семинар өткөрүлдү
  • ЖАМУда “АВН билим берүү порталындагы айрым өзгөрүүлөр” аталышындагы семинар өткөрүлдү