AVN







Г-1 18 тайпасынын Профессионалдык –базалык зона аралык окуу-өндүрүштүк практикасы

Г-1 18 тайпасынын Профессионалдык –базалык  зона аралык окуу-өндүрүштүк      практикасы
 Jan 22, 2021  539

  • атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый-техникалык факультетинин “География” адистигинин студенттери үчүн Профессионалдык –базалык  зона аралык окуу-өндүрүштүк практикасына жөнөтүү конференциясы кырдаалга байланыштуу “zoom” программасынын жардамы менен аралыктан (онлайн) уюштурулду.

Аралыктан өткөрүлгөн конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева жана практика жетекчилери А.Ж.Керимбекова, К.Н.Артыкбаева, студенттер катышты.

Кырдаалга байланыштуу студенттер өздөрү жашаган аймактарга бөлүштүрүлдү. Конференцияга катышкан бардык студенттер техника коопсуздугу жана санитардык –гигеналык эрежелер менен тааныштырылды.

Конференциянын жүрүшүндө практика жетекчиси А.Ж.Керимбекова студенттерге Профессионалдык-базалык зона аралык окуу- өндүрүштүк практиканын максат, милдеттерин, жол карта боюнча күндөлүктүн жазылышы боюнча толук жана кеңири маалыматтарды берди. Студенттер профессионалдык-базалык практика боюнча түшүнбөгөн суроолоруна жетекчилер тарабынан жоопторду алышты. Жыйынтыгында ар бир практика жетекчилери студенттер менен практика учурунда тыгыз иш алып барышын, баса белгилешти жана студенттерге профессионалдык - базалык практикасына ийгиликтерди каалашты.

  • Г-1 18 тайпасынын Профессионалдык –базалык  зона аралык окуу-өндүрүштүк      практикасы
  • Г-1 18 тайпасынын Профессионалдык –базалык  зона аралык окуу-өндүрүштүк      практикасы