AVN







Жалал-Абад колледжинде педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы

Жалал-Абад колледжинде педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы
 Jan 21, 2021  651

Жалал-Абад колледжинин  Чет тили адистигинин Атк-01-19, Атк-2-18, Атк-3-18 тайпаларынын студенттери  6 жумалык педагогикалык практикасын Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад областык мектептеринде онлайн жана офлайн форматында өтөп келишти.

Студенттердин педагогикалык практикасынын жыйынтыгы жөнүндө 14-15-январда атайын жыйынтыктоочу конференция уюштурулду. Конференцияда студенттердин 6 жума аралыгында жүргүзүп келген иштеринин, жыйынтык отчетторун угушту.

Педагогикалык практиканын жыйынтык конференциясы кырдаалга байланыштуу  “zoom” тиркемесинин жардамы менен аралыктан (онлайн) уюштурулду. Аралыктан өткөрүлгөн конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева,  Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика иштери боюнча директордун орун басары КайкыеваҮ.Т., Чет тилдер жана орус тили ПЦКсынын практика жетекчилери жана студенттер катышты.

Студенттерпедагогикалык жөндөмдүүлүктөрүнүн жетишкен жана кемчилдик жактарын байкашты. Алар бул конференциясынын жыйынтыгында, практика жетекчилери жана студенттер практика учурунда жетишкен ийгиликтерин, кетирген кемчиликтерин, туш болгон кыйынчылыктарын кенен айтып беришип, ар бир студент презентацияларын жасап, слайддарын жана видеолорун көрсөтүшүп отчет беришти. Мыкты практика өтөгөн айрым студенттер мектептерден ыраазычылык кат да алышкан.

Конференциянын жыйынтыгында практика жетекчилери менен студенттерге, алар үчүн даярдалган жол карта боюнча жумуштун аткарылышы жөнүндө суроолор берилип,  жооптор алынды.  Практика жетекчилер студенттерге сунуштарын кеп- кенештерин айтышып, студенттердин педагогикалык практикасынын баалары угулду,  ал эми студенттер жетекчилерине ыраазычылыгын билдиришти.

  • Жалал-Абад колледжинде педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы
  • Жалал-Абад колледжинде педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы