AVN







Х.КАРАСАЕВДИН ТИЛ ЖАНА ЖАЗУУ ТАРЫХЫНДАГЫ ОРДУ

Х.КАРАСАЕВДИН ТИЛ ЖАНА ЖАЗУУ ТАРЫХЫНДАГЫ ОРДУ
 Jan 19, 2021  629

Кыргыз элинин көрүнүктүү агартуучусу, педагог, тилчи Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын окутуучусу Ы.М.Кожоназарова социалдык иш багытына «Х. Карасаев кыргыздын көрөңгөлүү уюткусу – ал өмүр сүрүүдө» - деген темада зуумда ачык куратордук-тарбиялык саат өттү.

Анда кыргыз агартуучусунун балалык  чагы, өмүр жолу, жазып калтырган эмгектери боюнча маалымат берилди. Ачык куратордук-тарбиялык иш-чаранын жүрүшүнө профессордук-окутуучулук курам катышты жана кафедра башчы Г.Т.Токтогулова «Х.Карасаевдин тил жана жазуу тарыхындагы орду» деген темадагы архивдик маалыматтары менен маңыздуу баяндама жасады. Студенттер аталган педагог боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришип активдүү катышышты.

  • Х.КАРАСАЕВДИН ТИЛ ЖАНА ЖАЗУУ ТАРЫХЫНДАГЫ ОРДУ
  • Х.КАРАСАЕВДИН ТИЛ ЖАНА ЖАЗУУ ТАРЫХЫНДАГЫ ОРДУ
  • Х.КАРАСАЕВДИН ТИЛ ЖАНА ЖАЗУУ ТАРЫХЫНДАГЫ ОРДУ