AVN







ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ

ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
 Jan 19, 2021  510

«Табигый –илимий билим берүү» багытынын география профилинин 4- курсунун студенттери кесиптик – профильдик практикасын өтөшүп, жыйынтыктоочу конференциясын уюштурушту.

Конференция онлайн түрүндө өткөрүлүп, ага кафедра башчысы, ЖАМУнун карьера жана өндүрүштүк практика бөлүмүнүн адиси жана кафедранын окутуучулары студенттер менен катышышты.

Алгач кафедра башчысы доцент Б.М.Осмоновага ЖАМУнун карьера жана өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси Н. Жолдошалиевага, практика жетекчилери А.Ж.Керимбекова, А.Молдомусаева, Т.Б.Жолдошовага сөз берилди.

Студенттер практика учурунда аткарган иштери жөнүндө презентация даярдашты, мында практикада жетишкендиктерин, кемчилдиктерин, көйгөйлөрүн, сабакта колдонгон стратегияларын кыска формада көрсөтүп айтып беришти.  

Аягында окутуучулар студенттерге сунуштарын айтышып, ал эми студенттер жетекчилерине ыраазычылыгын билдиришти.

  • ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ