AVN







ТУНГУЧ ТИЛЧИ – Х. КАРАСАЕВ

ТУНГУЧ ТИЛЧИ – Х. КАРАСАЕВ
 Jan 19, 2021  507

Жыл тогошору менен Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулар жамааты тайпаларда онлайн формасындагы куратордук сааттарды өтүп башташты.

Жакында бүтүндөй түрк тилдүү элдерге аттын кашкасындай таанымал түрколог, окумуштуу Х. Карасаевдин 120 жылдыгына карата белгиленген иш-чаралардын алкагында Пк-2-19 жана П-1-17 тайпаларында “Өмүрү өрнөк инсан”, “Тунгуч тилчи – Х. Карасаев”  аталышында куратордук ачык сааттар өткөрүлдү.

Сабакта окумуштуу жөнүндөгү түзүлгөн слайддар, видео-тасмалар көрсөтүлдү жана викториналык суроолор талкууланды. Андагы  материалдар студенттердин арасында абдан кызуу талкууну жаратып, ар бир студент өз оюн кенири айтууга аракеттеништи. Айрым студенттер бул улуу окумуштуунун эмгектери боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө кызыгып жатышкандыктарын билдиришти.

Куратордук сааттардын жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, БББТМ кафедрасынын башчысы, профессор Сакиева С.С. П-1-17 тайпасынын куратору, окутуучу А. Шишкараева жана Пк-2-19 тайпасынын куратору, доцент  К. Ураимовдорго терең ыраазычылыгын билдирди.  Ачык сааттарга кафедранын бардык мүчөлөрү катышты.

  • ТУНГУЧ ТИЛЧИ – Х. КАРАСАЕВ
  • ТУНГУЧ ТИЛЧИ – Х. КАРАСАЕВ
  • ТУНГУЧ ТИЛЧИ – Х. КАРАСАЕВ
  • ТУНГУЧ ТИЛЧИ – Х. КАРАСАЕВ
  • ТУНГУЧ ТИЛЧИ – Х. КАРАСАЕВ
  • ТУНГУЧ ТИЛЧИ – Х. КАРАСАЕВ
  • ТУНГУЧ ТИЛЧИ – Х. КАРАСАЕВ