AVN







ПРОФЕССОР Ш. НИЯЗАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ БОЛДУ

ПРОФЕССОР Ш. НИЯЗАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ БОЛДУ
 Dec 14, 2017  1203

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 12–декабрда философия илимдеринин доктору, профессор Ш.М.Ниязалиевдин туулган күнүнө карата салтка айланган «Илимдин өнүгүшү, проблемалары, перспективалары» - аталыштагы Ниязалиевдик окуулар өткөрүлдү. Илимий –практикалык конференцияга Оштогу жана жакынкы кошуна университеттен келген коноктор 30 профессордук окутуучулук курам жана 220 студент катышты.

Ниязалиевдик окуулар «Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы» тарабынан уюштурулду.

Конференция 2 бөлүктөн туруп, 1. пленардык жыйын . 2. секциялык иштер болду.

Конференцияда профессор Ниязалиев тууралуу кеңири эскерүүлөр айтылып  профессор окутуучулар тарабынан илимий баяндамалар жасалды.

т.и.д., профессор А.Аширалиев «Фундаменталдык жана колдонмо билимдин айырмачылыктары», филос.и.д., профессор К.А. Исаков «Саясий элита жана элитология илими: тарыхый –саясий дискурс», филос.и.к. доцент Б.М.Атамурзаева «Глобализация процессиндеги баалуулуктардын трансформациясы» Кыргызстана», филос.и.к. ЖАЭУнун профессору Дүйшеев Ж.А. «Азыркы илимдеги компаративистика усулу», филос.и.д., Г.С.Токоева «Ниязалиевдин илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыттары»,  т.и.к.,доцент, Э. А. Авазов «Кыргыз президенттеринин тарыхый –маданий мурастарды даңазалоодогу жана өнүктүрүүдөгү ролу»

Жыйынтыгында 10 студенттик секция иш алып барып, активдүү катышкан жана мыкты баяндама жасагандыгы үчүн 50 студент «Ардак грамота» менен сыйланды.