AVN







ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ

ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
 Jan 15, 2021  707

2021-жылдын 14-январында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети  Кыргыз Республикасынын Прездентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, КРУАнын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен биргеликте кыргыз элинин көрүнүктүү агартуучусу, педагог, тилчи Хусейин Карасаевдин 120 жылдыгына карата «Хусейин Карасаев – залкар агартуучу» аталышындагы республикалык онлайн илимий–практикалык конференция өткөрүлдү. Конферецияны ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, филол.и.д., профессор К.Б.Калчекеев ачып, ЖАМУнун ректору т.и.д.,профессор К.Ж.Усеновго куттуктоо  сөз кезегин берди.

ЖАМУнун ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усенов –кыргыз элинин даңктуу уулу Хусейин Карасаевдин эмгек жолуна, кыргыз тили багыты боюнча кайталангыз  эмгектеринин, сөздүктөрүнүн орфография маселелерин козгогон олуттуу окуу китептеринин өзгөчөлүгүн талдап, конференциянын катышуучуларын чын дилден куттуктады.

Конференцияга республиканын Ж.Баласагын атындагы улуттук мамлекеттик, И.Арабаев атындагы КУУнун, Талас мамлекеттик университетинин, ОшМУнун, КРУАнын Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабияты институтунун ЖАМУнун окумуштуулары жана студенттери катышып, мазмундуу баяндамалар жасалды.

  • ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
  • ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
  • ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
  • ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
  • ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
  • ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
  • ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
  • ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ
  • ХУСЕЙИН КАРАСАЕВ – ЗАЛКАР АГАРТУУЧУ