AVN







БАЛДАРГА АРНАЛГАН КЕЧЕ

БАЛДАРГА АРНАЛГАН КЕЧЕ
 Jan 15, 2021  508

Мурунку жылдарга үндөш эле 2020-жыл Кыргызстанда "Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланган. Быйылкы жылы дагы бир артыкчылыктуу багыт – балдарды колдоо багыты каралып, ошонун алкагында ЖАКтын «Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иш» ПЦКсы тарабынан Жалал-Абад шаарындагы көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык майрам тартууланды. Жаңы жыл алдында «Ваbypark» балдардын көңүл ачуу борборунда уюштурулган иш-чарага 3 жаштан 15 жашка чейинки балдар чакырылып, ЖАКтын тарбия иштери боюнча директордун орун басары Н.Х.Абдурахимов, Педагогика жана социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы К.П.Салибаева жана МЧББ жана социалдык иштер ПЦКсынын жалпы окутуучулар жамааты катышышты. 

         ЖАКтын окутуучулары М.Т. Төрөбекова, М.О. Кыбыраева, А.К. Кыргызбаевалар келген балдарды ата-энелери менен биргеликте кызуу тосуп алышса, Т.А.Кожомуратова менен Н.Н. Сатымкуловалар балдарга бир күндүк жакшы маанай тартуулоо максатында балдар менен биргеликте оюн куруп жатышты.

         «Ар бир бала жаңы жылды жаңы үмүт, жаңы кыялдар менен күтөт. Ошол кыялдарынар орундалсын, Кыргыздын керегине жараган мыкты уул-кыздардан болгула, 2021-жаңы жыл мекенибизге тынчтык, элибизге береке алып келген бакубат жыл болуп, окуу жайыбыз өнүгүп, ар бир үй-бүлөнүн маанайы жарык, ден соолугу бекем болсун» - деген ой-максаттарын А.А.Ташматова айтып өттү. 

         Падагогика жана социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы К.П.Салибаева ар бир балага болгон калоо тилекерин арноо менен биргеликте аларга белектерди тапшырды. 

  • БАЛДАРГА АРНАЛГАН КЕЧЕ
  • БАЛДАРГА АРНАЛГАН КЕЧЕ
  • БАЛДАРГА АРНАЛГАН КЕЧЕ
  • БАЛДАРГА АРНАЛГАН КЕЧЕ
  • БАЛДАРГА АРНАЛГАН КЕЧЕ
  • БАЛДАРГА АРНАЛГАН КЕЧЕ
  • БАЛДАРГА АРНАЛГАН КЕЧЕ