AVN







КЫРГЫЗ ЭЛИНИН НРАВАЛЫК САЛТТАРЫ

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН НРАВАЛЫК САЛТТАРЫ
 Jan 6, 2021  584

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындангы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы Түштүк философиялык коому менен биргеликте ф.и.д., профессор А.К.Кулназаровдун туулган күнүнө арналган "КЫРГЫЗ ЭЛИНИН НРАВАЛЫК САЛТТАРЫ" аталышында Эл аралык илимий семинар уюштурду. Ага ф.и.д., профессор Ж.К. Урманбетова, Казакстандан ф.и.к., доцент Д.А. Качеев жана С.В. Самариндер катышып, илимий пикирлерин ортого салышты.

Профессор Ш.М Ниязалиев атындагы "Философия жана гуманитардык илимдер" кафедрасынын доценти Г.Т.Токтогулова "Исхак Разаковдун коомдук: философиялык анализ" аталышында илимий баяндама жасап, илимий баяндамада И.Разаковдун жетилүү эволюциясы, социалдык ролу жана анын өзгөчөлүктөрү, жетекчилик функциясы, коомдук-саясий ишмердигинин негизги факторлору, жетекчи катары аныктоочу факторлору, жетекчилик стили, инсандык сапаттары илимий анализге алынды.

Аталган илимий семинарга профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы "Философия жана гуманитардык илимдер" кафедранын окутуучулары Ы.М. Кожоназарова, А.Д.Доранова, Н.А. Жолдошева, Б.Ж. Бектурсунов, А.А. Усеновдор активдүү катышышты.

  • КЫРГЫЗ ЭЛИНИН НРАВАЛЫК САЛТТАРЫ
  • КЫРГЫЗ ЭЛИНИН НРАВАЛЫК САЛТТАРЫ
  • КЫРГЫЗ ЭЛИНИН НРАВАЛЫК САЛТТАРЫ
  • КЫРГЫЗ ЭЛИНИН НРАВАЛЫК САЛТТАРЫ
  • КЫРГЫЗ ЭЛИНИН НРАВАЛЫК САЛТТАРЫ