AVN

ПРАКТИКА ЖАНА СТУДЕНТ - КЕСИПКЕ БИР КАДАМ!

ПРАКТИКА ЖАНА СТУДЕНТ -  КЕСИПКЕ БИР КАДАМ!
 Jan 6, 2021  622

«550100 Табигый –илимий билим берүү» багытынын биология профилинин 4- курсунун студенттери 2020-жылдын 19- октябрынан 26 декабрга чейин  профилдик – профессионалдык практикасын өтөштү жана 29 – декабрда  бул практикасы боюнча жыйынтыктоочу онлайн конференциясы болуп өттү.

Конференцияда Биология кафедрасынын практика боюнча жооптуу улук окутуучусу А.С. Болотова өз сөзүндө, жалпысынан 13 студент чыгышты, алардын ичинен 8 практикант студенттер пандемияга карата айыл жергесиндеги (Ноокен, Сузак, Базар- Коргон, Өзгөн, Аксы раойндору) жана 5 студент Жалал-Абад шаарындагы № 4, 19 орто мектептерге барышып практикадан өтүштү.

Практиканын башында кафедра башчысы доцент К.А. Асановага,  ЖАМУнун карьера жана өндүрүштүк практика бөлүмүнүн  башкы адиси Н. Жолдошалиевага, практика жетекчиси Б. Жээнбековага, мектептин биолог мугалимдерине Г. Самиевага, Ж. Топчубаевага, К. Айдаровага, А. Кадыровага, Г. Оморовага, Г. Кадыркуловага сөз берилди.

       Студенттер практика учурунда аткарган иштери жөнүндө презентация даярдашты, мында практикада жетишкендиктерин, кемчилдиктерин, көйгөйлөрүн, сабакта колдонгон стратегияларын кыска формада көрсөтүп айтып беришти. Аягында окутуучулар студенттерге сунуштарын айтышып, ал эми студенттер жетекчилерине ыраазычылыгын билдиришти.

  • ПРАКТИКА ЖАНА СТУДЕНТ -  КЕСИПКЕ БИР КАДАМ!