AVN







КАНДАЙ ФОРМАТТА ОКУТСАК ДА СТУДЕНТТЕРГЕ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ.....

КАНДАЙ ФОРМАТТА ОКУТСАК ДА СТУДЕНТТЕРГЕ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ.....
 Jan 6, 2021  513

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Табигый-техникалык бөлүмүнүн Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын кезектеги жыйналышы онлайн түрүндө Jitsi Meet платформасында өткөрүлдү.

Бул жыйналышта Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсынын башчысы Д.К.Калдарова бул семестрдин онлайн окуунун аягына чыга баштадык, жакында экинчи модулдар жана экзамендерди студенттерибиз тапшырат. Экзамендик тесттик суроолоробузду тактап, авнге жайгашуусун колго алуу боюнча окутуучулар менен пикир алмашты.

Өндүрүштүк практиканын жүрүшү боюнча жетекчилердин ой пикирлери угулду. Жалпысынан ПОВТАСк-01-19, БАСк-02-18, БАСк-3-18 тайпалары өндүрүштүк практиканы өтөп келишти жана кээ бир студенттерибизге ишкана тарабынан ыраазычылык билдирген видео жолдомолорду жөнөтүшкөн. Практиканттар менен тынымсыз байланышта болдук. Zoom, Jitsi Meet платформалардын жардамында баарлашып турдук жана алар фото, видео отчетторун жөнөтүп турушту.

ПЦКда ачык сабактар берилген график боюнча өтүлүүсү, аларга окутуучулардын, студенттердин катышуусу жана жалпы эле онлайн түрүндө өтүлгөн сабактардардын өтүлүшү боюнча жалпы ПЦКгы окутуучулар өз ой пикирлерин билдиришти.Видео сабактар атайын ачылган Yotube каналына жайгаштырылууда.

Жыйынтыгында жалпы дистанттык окутуудагы көйгөйлөр айтылып, кандай форматта окутсак да студенттерге сапаттуу билим берүү эң негизги милдетибиз деген ойлор менен кеңири пикир алмашуулар болду.

  • КАНДАЙ ФОРМАТТА ОКУТСАК ДА СТУДЕНТТЕРГЕ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ.....
  • КАНДАЙ ФОРМАТТА ОКУТСАК ДА СТУДЕНТТЕРГЕ САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮ.....