AVN







ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН

ЖАҢЫ ЖЫЛЫҢЫЗДАР МЕНЕН
 Dec 31, 2020  794

Кымбаттуу кыргыз элим, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери! Баарыңыздарды  2021-жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кирип келе жаткан уй жылы жалпыбызга жакшылыктарды тартуулаган берекелүү жылдардан болсун. Кыргыз элиме тынчтык, токчулук жана молчулукту каалайм. Ар бир үйгө үй-бүлөлүк бакыт, бекем ден соолук, жакшы маанай жана ойлогон ой-тилектердин баары ишке ашсын деп тилейм!

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жаштарды билимге суугарып, келечектин мыкты адистерин даярдоо менен мамлекеттин социалдык-экономикалык абалын чыңдоого өз салымын кошуп келет. Быйылкы оор кылдаалга карабастан жаштардын заманбап билим алуусун камсыздап, ар тараптуу адистерди даярдоону улантуудабыз.  Окуу жайыбыз материалдык-техникалык базасын заман талабына ылайык камсыздап, окуу корпустарын оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Мындай аракетибиз келечек ээлеринин  татыктуу билим алуусуна көргөн камкордугубуз.

Жаңы жылыбыз мекенибизге тынчтык, элибизге береке алып келген жылдардан болсун!

Сиздерди урматтоо менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор, Усенов Кеңешбек Жумабекович!